Пример HTML-страницы

Таластын Шумкар-Уя айыл аймагындагы жаш балбандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарында спортто ийгилик жараткан өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүлдү.

Маалыматка караганда, мындай чечимди айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Боркеев баш болгон депутаттар колдоого алып, балдар кызыктыруучу белектер, акчалай сыйлык жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Күрөштө ийгилик жараткан 3 өспүрүмгө велосипед, 5 спортчуга 5000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Машыктыруучусу, спорт чебери Насир уулу Бексултанга электромопед жана ыраазычылык кат тапшырылды.

Шумкар-Уя айыл аймагынын өспүрүм балбандарынын спорттогу жетишкендиктери:

— Акбар Аманбеков 48 кг боюнча кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку жеңүүчүсү, «Мен чемпион» республикалык спартакиаданын жеңүүчүсү, өспүрүмдөр арасында кыргыз күрөшү боюнча республиканын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин 3-орунунун ээси, облустун жеңүүчүсү;

— Абдурахман Анарбаев (52 кг) кыргыз күрөшү боюнча Талас облусунун 3 жолку чемпиону, республиканын чемпиону жана Астанада өткөн эл аралык турнирдин катышуучусу;

— Айдар Тураров (41кг) грек-рим күрөшү боюнча облустун чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, кыргыз күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону;

— Нурел Салмуратов (33кг) кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку чемпиону, өспүрүмдөр арасындагы республикалык турнирдин жеңүүчүсү;

— Абдукерим Кеңешов (30кг) грек-рим күрөшү боюнча облустун 3 жолку чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, эл аралык турнирде 3-орундун ээси, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону. «Сен мыктысың» долбоорунун жеңүүчүсү;

— Алинур Жолчубеков (25кг) эл аралык турнирдин жеңүүчүсү (Жалал-Абад шаары), республикалык турнирдин жеңүүчүсү, облустун 3 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону;

— Алихан Качкынбаев (30 кг) эркин күрөш боюнча облустун 2 жолку жеңүүчүсү, кыргыз күрөш боюнча республикалык чемпионаттын күмүш байгесинин ээси;

— Нуркелди Оторбаев (90 кг) салмакта кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнирдин күмүш байгесинин ээси. Алыш күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын катышуучусу, бел боо күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE