Таластын Манас айылындагы дарыгерлерге 2,5 млн сомдук тез жардам унаасы тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Чоң-Алыш айыл аймагындагы дарыгерлерге айыл тургуну унаа белек кылды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн кабарлашты.

Маалым болгондой, ишкер Думан Рыскулов Манас айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 2 млн 500 миң сомго «Хендай Старекс» үлгүсүндөгү тез жардам унаасын белек кылды.

«Бул анын айыл аймагыбызга кылган биринчи жардамы эмес. Ушул жылы айыл аймагыбызга караштуу КараСуу айылына 14 млн сомго 75 орундуу заманбап бала бакчасын салдырып берген», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️