Таластын Кум-Арык айылында төө буурчактарды «красноголовая шпанка» курту басып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кум-Арык айылында дыйкандардын төө буурчагын «красноголовая шпанка» курту басып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү дыйкан Нуржан Шекербеков билдирди.

«Кечээ, 25-июль күнү талаада төө буурчактын чөбүн отогону барганбыз. Бир 5 сотыхка жакын жерди ушундай курттар басып, чөбүн дагы, төө буурчактын өзүн дагы каптап кетиптир. Алар эч нерсени калтырбай жешет экен. Бул курттарды тартып жөнөтсөм, билгендер «красноголовая шпанка» курту деп айтышты. Буга каршы эмне дары беребиз билбей отурам. Төө буурчактын баарына каптап кетпесин деп сарсанаа болуп жатабыз. Бизден башка дагы бир нече дыйкандын жеринде ушундай көрүнүш болууда», — деди ал.

Талас райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Тажыканов дыйкандардан кабар келип түшкөнүн айтты.

«Кечээ кечинде «чегиртке бедемди каптап жатат» деп чалган. Биз эртең менен карантиндик кызмат менен чогуу барып, көрүп келдик. Ал зыянкеч чегиртке эмес экен, жөнөкөй эле чегиртке экен. Андан кантип арылуу керек жолдорун айтып келдик.

Ал эми, бүгүн «красноголовая шпанка» курту деп дагы кайрылуу түштү. Аны дагы изилдеп, карантиндик кызматтан жок кылуу жолдорун айтып жатышат», — деди ал.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына караганда,сүрөттөгү курттар — булар «нарывниктер» (элдик аты шпанка). «Нарывниктер» (лат. Meloidae) катуу канаттуулар же коңуздар түркүмүнө кирген курт. Дүйнө жүзүндө алардын 800дөн ашык түрү бар. Булардын ичинен Кыргызстандын шартында 50дөн ашык түрү катталган.

Пример HTML-страницы

Министрликтин Талас облусундагы адистери тарабынан Кум-Арык айылынын төө буурчак аянттарына издөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында 5 сотых аянтта «нарывиктер» (шпанка) аныкталды. Адистер тарабынан дыйкандарга аларга каршы пиретриод (каратэ, суми-альфа, фастак, децис ж.б.), фосфорорганика (Нурелл-Д), неоникотиноид (Конфидор) ж.б. инсектициддерди колдонуп, күрөшүү чараларын жүргүзүүсү керектиги сунушталды.

  • «Красноголовая шпанка» курту айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген курт болуп саналат. Алар жалбырактар жейт. Массалык түрдө көбөйсө эгинден куру калтырып коюшу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️