Таластын Козучак айылында элет тургундарына ыңгайсыздык жаратып жаткан электр мамылары жылдырылат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 25-июль күнү Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев Козучак айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, айыл тургундары Козучак айылында ичүүчү таза суу жана ыңгайсыздык жаратып жаткан электр мамыларын жылдырып берүү боюнча кайрылышкан. Аким Беш-Таш айыл өкмөтүнө жана Талас райондук электр тармактар ишканасына элет тургундарына ыңгайсыздык жаратып жаткан электр мамыларын 20-августка чейин жылдыруу боюнча тапшырма берди.

Ошону менен бирге айыл тургандарына ар кандай жаратылыш кырсыктардын алдын алуу боюнча айылдын ички арыктарын тазалап, ар кандай таштандыларды туш келди таштабай тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Таза суу маселеси боюнча дагы суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткени үчүн алар алмаштырылып, оңдолору айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️