Таластын Көк-Ой айылында 5 млн сомго кичи футбол аянтчасы салына баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Ой айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Кең-Кол айыл өкмөт башчысы Тилек Сакеев билдирди.

Анын айтымында, курулушка жергиликтүү бюджеттен 5 млн сом каралган.

«Жабык футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды. Бул курулуш кышка чейин бүтүп калат деп жатабыз. Айыл жаштарына шарт түзүү максатында эл көп жылдан бери суранып келген ишти жасап жатабыз. Учурда пайдубалы казылып жатат. Узуну 42 метр, туурасы 22 футбол аянтчасы курулуп, анын үстү жабылып, жылдын 4 мезгили колдоно бере тургандай болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️