Таластын Арал айылында 12 млн сомго бала бакчанын жаңы имараты курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-ноябрь күнү Талас районунун Каракол айыл аймагынын Арал айылындагы Үмөт Молдо атындагы бала бакчанын филиалынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Каракол айыл аймагынын башчысы Каныбек Мамажанов билдирди.

«50 орундуу бала бакча уюмдардын биринин, жеке ишкердин демөөрчүлүгү жана жергиликтүү бюджетинин колдоосу менен курулду. Жалпы сметалык баасы 12 млн 780 миң сомду түздү. Имаратты «Модэ» ЖЧКсы курду», — деди ал.

  • «Модэ» ЖЧКсы 2019-жылы 8-апрелде кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Жорготаев Ильяз Эркинбекович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️