Таластык тургун талаадан таап келген мала таштарды музейге өткөрүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районундагы Калба айылынын тургуну Марлен Укубаев талаадан таап келген мала таштарды музейдин кызматкерлерине өткөрүп берди. Бул тууралуу «Манас эпосу» музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы 7-октябрда Анарбек Солтонов көчөсүнүн №20 үйүнүн тургуну Марлен Укубаевдин үйүнө Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин кызматкерлери таштарды музейге алып кетүү үчүн барышкан.

«Марлен мырза бир топ жылдан бери музей кызматкерлерине жакындан жардам берип, көмөк көрсөтүп келген мекенчил атуулдарыбыздын бири. 2 мала ташты былтыр жаз мезгилдеринде Калба айылынын чыгыш тарабында жайгашкан Төрткүл аталышындагы талаадан атасы Сарыгул аксакал менен таап алышып, үйүнө алып келип коюшкандыгын билдиришкен. Натыйжада музейге өткөрүп беришти.

Бул 2 ташты биз бешөөлөп араңдан зорго 5 метр жерге жылдырып жатып, унаага араң салдык. Ушундай оор салмактагы таштарды 3 чакырымдай аралыктан алып келишиптир. Марлен мырза буга чейин деле бир топ эл арасынан тарыхый мааниси бар буюмдарды чогултуп, музей казынасына өткөрүп берип келет. Анын биз менен тынымсыз кызматташып келген эмгегин эске алып, “Манас Ордо” комплексинин жетекчилиги ардак грамота сыйлыгына көргөздү», — деди ал.

а) Мала таш — тегерек түспөлдө тишчелүү чегилип, ортосуна оюк салынып ат, өгүз менен сүйрөтүүгө ыңгайлаштырылып жасалган. 6 сай жана 6 гүлдүү, узундугу 70 сантиметр, диаметри 33см. Ар бир сайдын ичинен сайдын төбөсүнө чейин аралыгы 10 сантиметрден жасалган. Эки башынын учтары сынык абалда алынды. Бир жагынын 4 сайлуу башы, 36 сантиметрге чейинки жери сынып калган. Бир жагынын 22 сантиметрге чейинки 2 сайы дагы сынык. Ошондой эле бир башы 34 сантиметр, бир жагы 22 сантиметр болгон эки сайлуу бөлүгү өзүнчө сынган абалда алынып келинди. Ортоңку көзөнөкчөдөн бир тарап бөлүгүн алганда 16 сантиметрди түзөт. Көзөнөкчөнүн тереңдик оюгу 13 сантиметр, диаметри 9 см.

б) Мала таш — 4 кырдуу болуп чеке бурчтары тегерекче жантайынкы болуп жасалган. Узуну 72 сантиметр, тегерете айланма өлчөмү туп-туура 1 метрди түзөт. Капталындагы оюгунун ички тереңдиги 10 сантиметр болсо, диаметри 9 см. Эки тарабы бирдей өлчөмдө даярдалган. Гранит таштан жасалгандыгы байкалып, сынык жери кездешпейт.

«Негизинен байыртадан бастыруу үчүн ар кандай ыкмалар колдонулган экен. Алгач эгин аянттары өтө чакан болгондуктан башындагы чанактарын үйүлүп турган жеринде эле токмоктоп күбүп алышкан болсо, кийинчерээк жыгач сокуларды жана дагы жылкы, өгүз, эшектерди пайдалануу темин басуунун эң бир кеңири тараган негизги ыкмаларынын бири болуп калган.

Мында кырмандын ортосуна орнотулган мамыга карматылган чыбык төңөлүккө – чалберекке жогорудагыдай мала таштар чегилген малдарды байлап коюп, алдына тегерете төшөлгөн буудай, арпа, сүлү, шалы боолорун сүйрөтүп, тебелетип чыгарышкандыгын учурунда С.О.Идирисова С.М.Абрамзондун илимий жыйнактарына таянып, өзүнүн диссертациялык эмгегин коргоп илимий даражага жетишкен», — деп билдирди С.Ибралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️