Таластык тургун табылгаларын музейге өткөрүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас эпосу» музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев өткөрүлүп берилген баалуу табылгалар боюнча маалымат берди.

«2024-жылдын 16-июль күнү Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин кызматкерлери тарыхый мааниси бар буюмдарды чогултуу максатында Арстанбек Аширбаевдин үйүнө барып, төмөндөгү таап алган буюмдарын музейге белек катары өткөрүп алдык.

Ал ушул жылдын май айында тыйындар менен кумура идишин өткөрүп берип жатып, дагы чокмордун башы, найза менен жебелердин учтарын койгон жеринен таппай жатканын, эгерде таап калса аларды да өткөрүп берерин билдирген эле.

Чокмор менен найзалардын башын дагы деле таппай жатканын айтып, төмөндөгү тапкан буюмдарын өз эрки менен тапшырып берди:

Үч кырдуу 2 даана жебенин учу, келтеге салынган чоң кезек ок, 2 даана сөйкөлөрдүн бир жак түгөйлөрү, Россия империясына таандык, “кап баштыкча” деген ат менен белгилүү кулп, Россия империясы мезгилине таандык 2 даана тыйын, Россия империясы мезгилине таандык жез топчу, монгол мезгилине чейинки 2 даана иймектер, аялзатына тиешелүү кооздук шөкөт буюм», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну Арстанбек Аширбаев 10-май күнү Таластагы «Манас Ордо» комплексинин музейине тарыхый табылгаларды өткөрүп бергенин жазган.

Маалыматка караганда, ал аталган буюмдарды 2 жыл мурун таап алганын айтып берген.

«2 жыл мурун жер бетинен тоң кетип, жаз келген учурда балам экөөбүз Беш-Таш жайлоосу көздөй жумуштап бара жатып Төбөйдөн кайрылгандан кийин эле үчүнчү көпүрөгө жетпей, союз убагында курулган купкага 200-300 метрдей калган аралыкта эски коргондун жанынан жер алдындагы ийинди кезиктирип калдык. Казылып, топурагы сыртына үйүлгөн ийин суурдуку болсо керек. Себеби кире бериш оозу кенен казылгандыктан болжолдоп баамдадым. Жанынан өтүп бара жатканымда ийинден казылып жаткан топурактын арасынан күн нуруна чагылышкан бир нерсени байкап, жанына барсам, үстүнкү беттери кара сымала сыяктуу дат баскан 10го жакын тыйын жатыптыр. Ийиндин көзөнөкчөсүнүн таманында дагы 1-2 тыйын калыптыр. Дароо эле суур ийин казып жатканда тыйындарды сыртка тээп чыгарып салганын түшүндүм. Балам экөөбүз колубуздагы бычак жана балта менен ийинди кенен кылып казып кирдик. Болжолу 80-90 см тереңдикке казып киргенибизден кийин дагы ушундай бир топ тыйын жана түпкү таманынын бир топ жери дат басуудан улам чирип түшүп калган темир кумураны таап алдык. Тыйындар ушул кумуранын ачылган түпкү тешигинен түшсө керек.

Ошондой эле дагы бул жерден чокморлордун башы, найзалардын учу табылды. Тапкан буюмдарыбыздын бардыгын улам сыртка алып чыгып жаттык. Кумура кадимки эле темир чоюндан болсо керек, ичине таш салып койгонсуп өтө салмактуу экен» деп айтып берди», — дешкен алар.

Арстанбек Аширбаев кумура жана 32 даана Караханид менен Кытай тыйындарын толугу менен музейге өткөрүп берген.

«Чокмордун башы жана найзалардын учтарын биз барган учурда койгон ордунан таппай жатканын билдирип, «эгерде таап калсам сөзсүз силердин музейге өткөрүп берем» деген убадасын алдык. Музей фондусун байытууга салым кошкону үчүн Арстанбек Аширбаевге «Манас Ордо» комплексинин ардак грамотасын тапшырдык.

Кумура идиш менен тыйындар металлдарды эритип куюу ыкмасы аркылуу дайындалгандыгы эч кандай шек жаратпайт. Ошондой эле чокмор, найзалар да жанына кошо бекитилгендиги бул байлыкты курал-жарактар кайтарууга алсын деген үмүт, тилек кылып байыркы ата-бабалар ырым-жырым, жөрөлгөлөрүн колдонгонбу деген божомол айтылды.

Кумура – темирден куюлуп жасалган. Жалпы бийиктиги 21 сантиметр. Түп жагы курсактуу келип, анын бийиктиги 11 сантиметр. Курсагынын тегерете айланма чек өлчөмү 55 сантиметрди түзөт. Моюну цилиндр формасында, курсак менен моюнчанын бириккен жеринин тегерете айланма чеги 11,5 сантиметр. Үстүнкү капкак жапчуу орундугу самоордун чайнек коючу капкагы сымал болуп трапеция үлгүсүндө жасалган. Диаметри 11 сантиметр. Андан кийинки ички экинчи моюнчанын бүткөн жеринин диаметри 7,5 сантиметр. Тутка тарабынан оңду көздөй 1 сантиметрден кийин 5,5 сантиметр жери жана сол тарабынан 4,5 сантиметрден кийин 2,5 сантиметр жери сынып түшүп калган. Дал ушул жери капкак жапканга жана чай кайнамда чайнек койгонго эсептелип дайындалса керек. Себеби орундук ылайыкташып атайы дайындалып жасалганы көрүнүп турат. Туткасы ийилип карматылган. Ошол ийилген боюнча өлчөмүн алганыбызда 12 сантиметрди түздү. Таманынын диаметри 11,5 сантиметр. Сынык жерин диагоналынан алып ченегенибизде 5,5 сантитметр жери оюлуп түшүп калган. Толук салмагы 4 килограмм болуп чыкты. Убагында суу кайнатылып чайнектин милдетин аткарып жүргөн идиш болсо керек. Анткени таманы жукарып, кези келгенде чирип кеткенинин себеби ошого байланыштуу деп божомолдоп жатабыз», — дейт музей кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️