Таластык тургун классташ кызына 13,5 млн сомдук эт жөнөтүп, акчасын ала албай калган. Жубайлар кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун милициясы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аялы менен күйөөсүн кармады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 20-июль күнү Бакай-Ата районунун 43 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 2024-жылдын январь айынан июль айына чейинки убакытта Д.М. аттуу классташ кызы ишеничине кирип, алдоо жолу менен 132 баш бодо малдын этин Бишкек шаарына салдырып, 13 500 000 сом акча каражатын кайтарып бербей жатканын билдирген.

Аталган арыз ошол эле күнү каттоого алынып, Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, арыз ээси Талас облусунун аймагынан бодо малдарды союп, этин Бишкек шаарына Д.М. аттуу жаранга салып тургандыгы аныкталган. Кылмыш ишине Д.М. аттуу жарандын М.М. аттуу жарандык никедеги жолдошунун дагы катыштыгы бар экендиги такталган.

Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Бакай-Ата районунун тургуну — 1982-жылы туулган Д.М. жана Кемин районунун тургуну — 1983-жылы туулган М.М. 2024-жылдын 26-июлунда Ош облусундагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Өзбекстанга өтүп бара жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️