Пример HTML-страницы

Таластык тургун бир үйүр жылкысын таппай калган. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Арал айылынын тургуну Дамир Эркинбек уулу бир үйүр жылкысын жоготту. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына окуя тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 22-майында жайыттан 10 бээ, 1 айгыр 2 кулуну менен табылбай калган.

«Жайыт Жаңы-Турмуш өзөнүндө жайгашкан. Ал жерде көп чабандар отурукташып калганбыз. Ушул жылдын 22-май күнү атам 10 бээ, 1 айгыр 2 кулуну менен үйүрдү жайыттан таппай калды. Ага чейин туман каптап, 2 күн чыга албай койгон экен. Жылкылар кайсы тарапка түшүп кеткени белгисиз. Биздин аймактын баарын издеп чыктык. Биз менен чектеш Казакстан Республикасына чек ара ачык болгондуктан жыл сайын ал жакка үйүр жылкылар уурдалып өтүп кетет.

Азыр атам Казакстанда мал базарларда жүрөт. Бирок угуп жатабыз, ал жактан эни менен малын тапса дагы, бул жакка өткөрө албайт экен. Бир жылда 150гө жакын бодо мал өтүп кетет экен. Биз тоолуу аймакта жашап, караганыбыз мал болуп, оокат кылып жаткан соң бул бизге чоң маселе. Мисалы, азыр орточо эсеп менен үйүр жылкыбыз 1 млн 300 миң сомдой болот. Канча жыл тоодо жүрүп, тапкан мээнет. Бийлик өкүлдөрү чек араны тороо боюнча иш алып барып, ушул маселени чечип берсе, бизге дагы абдан жеңил болот эле», — деди ал.

Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 28-май күнү Талас РИИБге Арал айылынын 1959-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 22-майында 24 жаштагы баласы жылкыларды көздөп барып таппай келгенин билдирген. Ал 24-май күнү Талас районунун Арал айылына караштуу Жаңы-Турмуш өзөнүндө жүргөн 1 үйүр жылкысы (1 айгыр, 10 бээ, 2 кулун) жоголгон.

Аталган арыз ошол эле күнү Талас РИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, жагдайлар аныкталды.

Тактап айтканда, арыз ээси өзүнө тиешелүү Талас районунун Арал айылына караштуу Жаңы-Турмуш өзөнүндө жайгашкан сарайында өзүнө тиешелүү мал-жандыктарын багып, үй-бүлөсү менен жашап жүргөн. Ал эми 1 баш айгыр, 10 баш бээни ошол сарайына жакынкы жердеги Агышай өзөнүнө бош кое берип багып жүргөн. Жогорудагы жылкылары бир нече ирет жок болуп кеткенде Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы Түз ашуу аталган чек арадан артка кайрып, тоодон ылдый айдап түшүп жүргөн.

2024-жылы 14-15-май күндөрү жок болуп, Агышай өзөнү менен өйдөлөп мурда жылкыларын айдап түшүп жүргөн Түз ашуу ашуусуна барып, ошол жерден жоголгон 1 баш 5 жаштагы бээсин жаңы тууган кулуну менен айдап түшкөн. Ошону менен жогорудагы жылкыларды көздөп жүрүп, тоодон 20-май күнү сарайына жакын айдап, туз берип, кайра саат 17:30 чамасында Агышай өзөнүнө жакын 3 км аралыкта жайгашкан Чочколу сайына айдап жиберген. Андан соң 2024-жылдын 23-май күнү аба ырайы суук болуп, тоодо туман болуп жаткан маалда баласы Чочколу сайына жылкыларды көздөгөнү барып таппай калган.

Бул окуя боюнча республика аймагына багыттамалар берилип, милиция тарабынан иликтөө, издөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE