Таластык ширетүүчү досу менен цех ачып, айына 50 миң сомго чейин каражат табууда

TurmushТалас районунун Кеңеш айылынын 24 жаштагы тургуну Амантур Үсөнбеков ширетүүчү болуп иштеп, айына 50 миң сомго жакын каражат табат. Ал буга чейин бирөөнүн кол алдында эмгектенсе, учурда досу экөө цех иштетет. Анын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын кесиби — өрт өчүрүүчү. Бирок бул кесиби менен бир дагы жолу иштеген эмес.

«Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкекке барып, окуу жайга тапшырып, өрт өчүрүүчү кесибине ээ болуп келдим. Окууну сырттан окудум. Ошол учурда Бишкекте тамактануучу жайда тейлөөчү болуп иштеп жүрдүм. Күндөрдүн биринде айылдаш байкелер келип, «ширетүүнү үйрөнбөйсүңбү. Биздин катарга кошулуп, иштебейсиңби. Бизге жумушка бала керек болуп жатат» деп калышты. Көп өтпөй айтылган дарекке бардым. Ал жерде бир жума иштегенден кийин «сенден ширетүүчү чыкпайт. Муну үйрөнө албайт экенсиң» деп калышты. Бирок ошол учурда кандайдыр бир күч пайда болуп, өзүмдүн да кызыгуум ойгонуп, ширетүүнү жакшылап үйрөнүп кеттим. Үйрөнүп алгандан кийин, 3 жылдай Бишкекте бирөөнүн кол алдында иштеп калдык.

Үй-бүлө куруп, Таласка кетишим керек болду. Үйлөнгөндөн кийин Таласта аз убакыт бош жатып калдым. Ошол маалда жумуш чыгып, 2 айдай бирөөнүн кол алдында иштедим. Кийин Райымкулов Фархат деген дос балам экөөбүз акылдашып, сүйлөшүп, «өз алдыбызча иштеп көрөлү, качанкыга чейин бирөөнүн кол алдында иштеп жүрө бермек элек» дедик. Талас шаарынан ижарага орун алып, ширетүүчү жумуштарды жасап баштадык. Кардарларыбыз бат эле пайда боло баштады. Ар ким ар нерсе жасатып же болбосо көтөрүп келип ширетип жүрүштү. Анан биз дагы соцтармактарга жасаган иштерибизди жарыялап турдук. Буйрутма бере турган кардарлар ошол жерден сүрөттөрдү көрүп, өздөрүнүн табитине ылайык кылып буйрутма берип келет», — деди ал.

Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️