Таластык Назгүл жеңенин кызы ыйлаак болгондуктан тамактарды жолдошу бышырчу

TurmushКара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылынын 45 жаштагы тургуну Бекмурзаева Назгүл жеңе камыр жайганды келин болгондон кийин үйрөнгөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим.

«Өзүмдүн балалык чагым Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында чоң энемдин колунда өткөн. Чоң энемдин кызы болуп эрке чоңойдум. Ата-энем студент болгондуктан мен чоң энемдин колунда тарбияланып калгам. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга барып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктап, мугалимдик кесиптин ээси болуп чыктым. Ошол жылы эле айылга келип, санитардык-эпидемиологиялык станцияда иштеп калдым. Ошол убакта биздин айылда жолдошум Нурдин Момунбаев да окууну бүтүп келип, дарыгер болуп иштеп калды. Апам медайым болгондуктан чогуу иштешчү экен. Биз райондо иштейбиз. Жумушубузга байланыштуу жолугуп калган учурлар болуп калчу.

Бир күнү эле эжекелер терезеден жолдошумду көрүп калып, «тиги бойдокту чакырып келчи» деп мени жиберишти. Эң кичүүсү эле мен болгондуктан чакырып келдим. Эжекелер бойдок деп ага тийишип, «бизде да бир бойдок бар» деп мени көрсөтүп тааныштырып калышты. Ошентип таанышып, сүйлөшүп жүрүп, арадан 1 жыл өткөндөн кийин баш коштук. 2001-жылы Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылына келин болуп келдим. Бизден кийинки кайын иним үйлөнүп, 2 балалуу болуп калган экен. Биз үйлөнүп эле жумушка чыгып кеттик.

Жолдошум кесиби боюнча дарыгер. Окуусун Түркия мамлекетинен бүтүрүп келген. Учурда 48 жашта. Мен айылдагы Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейде химия жана биология сабагынан мугалим болуп, жолдошум айылдагы ооруканада дарыгер болуп иштеп баштадык. Негизи экөөбүз тең иштегендиктен көпчүлүк убактыбыз иш үстүндө өтөт. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Ар дайым колдоп, кеңешип турабыз. Ошондой эле балдарга да туура тарбия берүүнү унутпайбыз.

Мен негизи камыр жууруп, жая алчу эмесмин. Бир күнү үйгө келсем абысыным төркүнүнө кетиптир. Сырттан кирип келе жатсам апам: «Назгүл, эт асып койдум. Камыр жууруп, жая сал» деп калды. Эптеп камыр жуурудум. Камыр жая албайм деп айта албай, эптеп жайдым. Камырды жая бердим. Кайын иним шорпону кайнатып, «кайнап калды» дегенде камырды салдым да, үстүн капкак менен жаап койдум. Бир убакта бышып калды деп ачып, сүзгүч менен камырды чыгарайын десем камырым жок. Жука жайылган камырым кайнап отуруп, эзилип калган экен. Кайын энем да түшүнүктүү адам болчу. Акырындык менен үйрөнсүн деп койду. Ошондо бир катуу уялгам. Ошону менен кайын энем мага камыр тамак жасаткан жок. Кийин төркүнүмө барганда апамдан сурап, камыр жайып үйрөнүп жүрдүм.

Пример HTML-страницы

Кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу Шекер айылына которулуп кеттик. Ал айылда 5 жыл жашадык. Экөөбүз элебиз, акырындан аз-аздан камыр жууруп, жайып үйрөнүп жүрдүм. Бирок кызым ыйлаак болгондуктан тамактын баарын жолдошум жасачу. Мен жасайын десем бала карагандан качып, «мен эле кылам» дей берчү. Шекер айылындагылар жолдошума суктанып: «Сонун байке, жумуштун баарын жасай берет» деп калышчу. Кызым ыйлаак болгондуктан колумдан түшчү эмес (күлүп).

Кийин кайра өзүбүздүн айылыбызга көчүп келдик. Учурда мен айылда бала бакча башчысы болуп эмгектенип жатам. Ортобузда 1 кыз, 1 уулубуз бар. Кызым азыр Америкада билим алып жатат. Ал эми уулум 10-класстын окуучусу», — деди Назгүл айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️