Таластык Бекбото агаларынын колдоосу менен көк бөрүдө ийгиликтерди жаратып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Орто-Арык айылынын 27 жаштагы nehueye Дамир уулу Бекбото 6 жылдан бери көк бөрүдө ийгиликтерди багындырып келет. Аймактык кабарчы улакчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу.

«Кичинемден эле ат чаап, ат үстүндө чоңойдум. Улакка болгон кызыгуум ошол убакта эле бар болчу. Алгач айыл ичинде өткөрүлгөн оюндарга катышып чаап жүрдүм. 20 жашымдан баштап чоң командага кошулуп ойноп баштагам. 4 жыл «Бакубат Талас» командасында ойноп келдим. Ал жактан жетишкен ийгиликтерибиз көп болду. Президенттин кубогунан, атайын оюндарда 1-2-орундарга ээ болуп жүрдүк. «Бакубат Талас» командасы менен түзүлгөн келишим бүткөндөн кийин 2 жыл «Кара-Буура» командасы менен келишим түзгөм. Быйыл келишим аяктайт. Жыз айынан баштап кайсы команда келишим менен чакырса барып ойной берем.

Негизи улакчы болуш деле кыйын. Баарына чыдаш керек, ошондо гана ийгиликке жетип мыкты оюн көрсөтө аласың деп айта алам. Өзүңдүн дээриңде кызыгууң болсо оюндан чыга албайсың. Эң башкысы кызыгуу анан чыдоо керек. Мен мелдешке 1 ай мурун даярдык көрүп баштайм. Алгач өзүмдү машыктыруу үчүн залга барып машыгам. Андан соң чапкан атымды даярдайм. Аны башында жайдан көндүрүп, кыска оюндарга алып чыгып чаап, бастырып, иштетип даярдык көрсөтөм. Атка деле адамдай мамиле кылыш керек. Жакшылап карабасаң алар да чуркабай коёт. Жем, чөп, сууларын өзүнүн убагында берип, тарап турабыз. Канчалык жакшы карасаң оюн учурунда сага да ошончолук жакшы чабылып чуркап берет.

Чаап жүргөн атымдын каймана аты Чагылган. 2017-жылдан бери чаап келе жатам. Азыркы учурда бутун кокустатып чабыла элек. Чоң оюндарга 1 ай мурун барып машыгабыз. Айлап үйгө келбей калган учурлар болот. Ошончо баргандан кийин жакшылап оюн көрсөтүп бергенге аракет кылабыз. Айылда улак чаап жүргөн мен эле экенмин. Артымдан жаш улакчылар чыгып айыл ичинде чаап келе жатышат. Айыл эли колдоп, бүт жактан камсыздап келишет. Ошондой эле үй-бүлөм колдоп каражат жагынан камсыздап турушат. Алар колдоо көрсөтүп келгендиктен оюнга баш-отум менен киришем. 2 агам демөөрчүлүк көрсөтүп турушат. Менин каалоомдуу, кызыгуумду колдошот. Эң негизгиси шарт түзүп берет, ошолоруна ыраазымын.

Улактан сырткары мал, дыйкан чарбачылыктары менен элек болуп келем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️