Таластык Багдат Ашыралиева 5-классынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районундагы Кара-Ой айылынын тургуну 54 жаштагы Багдат Ашыралиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Ал өзүнүн кесиби боюнча ашпозчу. Кол өнөрчүлүк менен алектенип калышына апасы себепкер болгон.

«Өзүмдүн кесибим менен аз эле убакыт иштегем. Ата-энем тоодо мал бакчу. Малдарыбыз көп болгондуктан, жүнүн текке кетирбей кийиз, шырдак көп жасачу элек. Апам кийиздерди боёкко салып, сонун түстөрдү чыгарчу. Апамды көрүп отуруп, мен дагы жүндү ийрип, байпак токуп, ар кандай чермийлерди (чыптама) токуп баштадым. Ошондо апам токугандарымды көрүп, өзү кошо жардам берип, үйрөткөн. Кийин чоң кийимдерди токуп баштадым. Ал кезде 5-класстын окуучусу болчумун.

Ошентип жүрүп, турмушка чыктым. Бирок мен барган жерде жүн жок экен. Анан кайын энем башка үйлөргө жиберип, «Барып жасаш, жүн берсе алып келип, өзүңө жасай бер» деп калчу. Мен башкаларга жардам берип, анан жүн алып келип, кайра үйгө жасачумун», — деди ал.

Каарманыбыз 2006-жылы толук кол өнөрчүлүккө өткөн.

Пример HTML-страницы

«Бир жылда 5-6 кийиз жасайм. Кышында кийизден чокойлорду жасап сатам. Былтыр ала кийиз фестивалында кичинекей эле ала кийизим 2-орунду алды. Алып барган чокойлорумдун баарын кызыгып, сатып алышты. Ал гана эмес андан кийин дагы ошондой чокой алабыз деп, буйрутма бергендер да көп болду. Чокойдун узуну 1500 сомдон, кичинекейи 1000 сомдон, чешка 500 сомдон. Бир күндө 3-4 чокой жасап коем. Үй жумуштары менен алек болуп калсам бирди же экини жасай алам.

Жолдошум дагы мага чоң колдоо көрсөтөт. Өзү уста. Биздин тааныштар «Аялы кийиз уста, жолдошу курулуш уста, булар усталардын үй-бүлөсү» деп, тамашалап коюшат. 2 кызым дагы абдан жөндөмдүү.

Көргөзмөлөр абдан кызыктуу өтөт. Ал жакка барам дегенде түнкүсүн дагы уктабай калам. Ошондо баары түшүнүп, «Апам жакында бир көргөзмөгө кетет окшойт» деп күлүшөт. Анан баардык дүнүйөмдү салып алып, көргөзмө болгон жерге жөнөп кетем. Канча күн жүрсөм дагы түшүнүү менен кабыл алышат. Аялзаты үчүн үй-бүлөсүндөгү колдоо абдан маанилүү.

Бул өнөрдү буга чейин 30дай кыз-келинге үйрөттүм. Азыр дагы айымдардын баш кийимин, чокой жасаганды үйрөтүп жатам»,- деди ал.

Жолдошу экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️