Пример HTML-страницы

Таластык Айтурган Тулебердиева психолог болууну көздөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 18 жаштагы тургуну — бүтүрүүчү Айтурган Тулебердиева «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду.

Ал Талас шаардагы №2 Р.Я.Рысакова атындагы орус тилдүү мектепти аяктап жатат.

«Алгебра, англис тили, тарых сабактарын өзгөчө кызыгып окуйм. Мага «Алтын тамга» алууда ата-энем, өзгөчө мектеп мугалимдери абдан жардам беришти. Мугалимдер кошумча тапшырма берип, кайра текшерип, түшүнбөй калган жерлериме басым жасап окутушту. Үйдө болсо ата-энем, бир туугандарымдын колдоосун ар дайым сезип турдум.

Үйдө жалгыз кызмын, 1 агам, 2 иним бар. Инилерим үй жумуштарына чейин өздөрү жасап коюп жатышты. Өзгөчө бир ай калганда такыр үй жумуштарынан бошотуп коюшту. Ата-энем оку деп кыйнашкан жок, алар «буйругандай болот, буюрса «Алтын тамга» аласың, бирок албай калсаң көңүлүңдү түшүрбө» дешти.

Алгач «Алтын тамга» алганымды тайпага эжерелим жазды. Анан классташтарымдан куттуктоо алып баштадым. Аябай кубандым, ата-энеме айтсам, абдан сыймыктанышты. Башка туугандарымдан дагы көп куттуктоолорду алдым. Буюрса Кыргыз-Россия Славян университетинин психология бөлүмүнө тапшырууну пландап жатам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE