Таластык Үмүт айым жакшы сунуштарга карабай өз кесиби менен иштеп келет

TurmushТалас шаарынын 30 жаштагы тургуну Өмүрбек кызы Үмүт жакшы сунуштарга карабай кесиби менен иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2012-жылы Талас мамлекеттик университетинен 2012-жылы англис тили адистигин алып чыккан.

«2012 жылдан баштап Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасына англис тилчи мугалими болуп иштеп баштадым. Ошондон баштап иштеп келе жатам. Быйыл буйруса 9 жылдын жүзү болду.

Чындыгында өзүмдү эң бактылуумун деп эсептейм. Себеби өзүм сүйгөн кесиптин ээси болуп, студенттер менен иштөөдөн эргүү, энергия алам. Студенттер менен иштөө эң кызыктуу себеби. Алар ар тараптуу жана идеяларга бай келишет. Ар бир студент индивидуалдуу жана алар менен күндөр ар тараптуу өтөт.

Жаңы иштеп жүргөндөгү бир окуя эсимде. Группада сабагым болоруна 5-10 минута калган. Мен бир студент менен бир суроо боюнча сүйлөшүп жатканбыз. Аудиторияда студенттер бар эле. Бир убакытта эшиктен 2 студент келди. Алардын бирөөсү мени туурап кирип келип, ордума отуруп сүйлөп баштады. Аудиториядагы студенттер, баарыбыз күлүп калдык. Ушундай учурлар көп эле болот.

Практика учурунда бир студенттин мектепте ачык сабагы болуп барып калдык. Ачык сабак учурунда бир окуучу бала кечигип келип отуруп калды. Студент кызыбыз үй тапшырмаларды сурап жаткан кези эле. Тапшырма англисче 3 сын атоочторду таап келүү экен. Ал кечиккен баладан сурап калды. Окуучу бала тура калып орус тилинде ыр айтып кетип, аны болсо студент кызыбыз «азамат» деп отургузуп койду. Көрсө окуучу бала орус тил сабагы деп алмаштырып алган экен.

Пример HTML-страницы

«Айлык аз, тил билесиң, чет жакка кет» дегендер көп болду. Бирок мага коллективим абдан жагат. Мен дагы илимий иш менен алектенүүнү максат коюп, кызыкканымдан да бул жакта иштеп жүрөм», — деди ал.

Мугалим айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️