Таластан Ысык-Көлгө келин болгон Акмарал айымдын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын 26 жаштагы тургуну Акмарал Бабашова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлүп-өскөм. Турмуш жолуна 22 жашымда аттандым. Жолдошум Аскат экөөбүз 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, анан турмуш курганбыз.

Экөөбүз И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинде чогуу окуганбыз. Анда алгач бири-бирибизди жактырбай, өч болуп жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен мамилебиз жумшарып, ортодо жылуу сезимдер пайду боло түштү.

Күндөрдүн биринде Аскатка билдирбей, башка жигитке жолугууга чыгып баратканда астымдан чыга калган. Анан мени жетелеп алып, ээрчитип кетип калган. Ошондон тарта кыз-жигит болуп, учурда бактылуу жубайлардын катарын толуктап келебиз. Көп өтпөй болочоктогу кайненем менен телефон аркылуу таанышып, сырдашып жүрдүк. Көп жерде каталарымды кайненем оңдоп, жардам берди», — деди ал.

Ал жаңы келин болуп келгендеги эсте калган окуялары менен бөлүштү.

Пример HTML-страницы

«Мен Таластын кызы болсом, жолдошум Ысык-Көлдүн кулуну. Эки облус тең өлкөнүн түндүгүндө жайгашканы менен баары бир айырмачылыктар болбой койбойт экен. Сөздөрүнөн адашып, туура эмес нерселерди алып келип алсам, кээде түшүнбөй, ары-бери басып жүрө берген учурлар да болгон. Бардык аймактагылардан айырмаланып, Ысык-Көлдө келинди жүгүнтүүгө өзгөчө басым жасашат. Мен айрым учурда жүгүнүүнү унутуп кеткен чактар да болду.

Ушулардын баарын түшүнүү менен караган кайнатам менен кайненеме ыраазымын. Алар көп нерселерге көз жумуп, “эч нерсе болбойт, көнүп кетесиң” деп, мага колдоо көрсөтүп жүрүштү. Айткандай эле азыр баарын өздөштүрүп, көнүп бара жаткан чагым. Муну менен катар көлдүктөрдүн жумшак сүйлөгөнү жана сылык мамилеси абдан жагат. Жолдошумду да ушул сылык мамилеси үчүн жактырып калгам. Таласка төркүнүмө барып калсам, мындай эле сүйлөгөндөрү урушуп, же сөгүнүп жаткандай туюла берет (күлүп)», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️