Пример HTML-страницы

Таластагы жолдо жарышкан 6 унаанын айдоочусуна 15 миң сомдон айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаластагы Беш-Таш тоосуна бара жаткан жолдо жарышкан 6 унаанын айдоочусуна 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Талас—Козучак унаа жолунда 2 «Тойота Камри», 1 «Жигули», 1 «Тойота 4Runner», 2 «Мерседес-Бенцтин» айдоочулары ээнбаштык жасап жатканы тартылган видеолору социалдык тармактарда чыгып кеткен. Айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде табылып, аларга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-беренеси (автоээнбаштык) менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 15 миң сом айып пул салынып, унаалары айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE