Таластагы жайлоодон 60 жаштагы классташтардын өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда 60 жаштагы 2 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, маркум М.К. менен Т.А. Кең-Арал айылынын тургундары (классташтар) болушкан. Экөө кечээ, 9-ноябрда таңга маал Нылды өрөөнүнө мал алып келгени кетип, дайынсыз болуп калышкан. Алар киши колдуу болуп каза болгону айтылууда. Азыр алардын сөөгү моргдо.

Ал эми өздүк булактардын маалыматына караганда, алар Нылдыдагы кашарга «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа менен барышкан. Кылмышка шектүү катары малчы кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️