Пример HTML-страницы

Таластагы милиционерлердин имаратына саякат (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush21-майда Талас шаарында Талас ОИИБдин жаңы имараты ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Талас ОИИБдин жаңы имаратында 70ке жакын иш бөлмө бар. Ага катар эле чоң жыйындар залы, конференция залы, окуу классы, узуну 40, туурасы 20 метр болгон спорт залы бар. Спорт залда 200дөн ашуун көрүүчүгө ылайыкташтырылган отургучтар коюлган.

———————————————————————————

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келген. Имарат алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам курулуш иштери токтоп калган. Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен учур да болгон. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин имаратты Талас облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.

Ички иштер министрлиги өздүк курамга иштөө шарттарын түзүү менен, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында демилге көтөрүп, демөөрчү таап, азыркы имараттын курулуш иштери башталган. Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE