Таластагы милиционерлер боз үйлөрдү тигип, репрессияда атылып кеткен аталарды эскеришти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ыр кесе уюштурулду.

Маалым болгондой, ага шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, акимдер катышты. «Манас Ордо» улуттук комплексине милиция бөлүмдөрү тарабынан 5 боз үй тигилип, сахна жасалды. Облустагы милициянын кызматтык унаалары, туу кармаган атчан жигиттер тизилди. Кыргыздын улуттук кийимдери кийилип, оюндары ойнолуп, казан асылып, дасторкон жасалды. Ыр кесенин жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган сахналаштырылган сценка көрсөтүлүп, «Манас» айтылып, эстрада, комуз, аккордеондун коштоосундагы ырлар жаңырып, бийлер, көркөм окуулар көрсөтүлдү. Саамалыкта аткарылган чыгармалар «Манас Ордо» улуттук комплексинин бир нече жерлеринде, Киров суу сактагычында, Суусамыр жайлоосундагы Талас облусунун кире беришинен тартылды.

Соңунда ИИМ тарабынан белгиленген графиктин алкагында ыр кесе Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаевге өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️