Таластагы милиционерлер банкка келген келиндин кызын сактап калууга жардам беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 19-июнда Талас районунун Ак-Жар айылынын тургуну Айдар Дүйшекеев ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бөлүмдүн кызматкерлери Эсен Момбеков жана Шаарбек Ажыбаев 9-июнь күнү Айдар Дүйшекеевдин Талас шаарындагы банкына барган кызына менен небересине жардам беришкен. Кызы менен кошо барган 1,5 жашар небереси эси ооп бара жаткан кезде милиция кызматкерлери кызматтык унаасы менен тез арада ооруканага жеткиришкен.

Мындан сырткары банктын жетекчилиги да адам өмүрүн сактап калган кызматкерлерге ыраазычылык баракча тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️