Таластагы маралдар Беш-Таш жайлоосунда жайылып жүрүшөт (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushСүрөтчү Медер Мырзаев 14-майда Таластын «Беш-Таш» жаратылыш паркындагы Беш-Таш көлүнүн жээгинен үйүр маралдарды сүрөткө тартып алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

«Биз атайы инфотур менен 14-май күнү «Беш-Таш» жаратылыш паркында болдук. Бул жердин төрүндө Беш-Таш көлү жайгашкан. Алгач унаа менен бара жатып, 2 маралды көрдүк. Жакшы кадр алуу үчүн алар качкан тарапка айдап бардык. Алар барып Беш-Таш көлүнүн жээгинде үйүрү менен жүргөн маралдардын тобуна кошулушту. Ал жерде 25-30дай марал бар экен. Анан маралдарды 1 сааттай кайтарып жатып, жакшы сүрөттөрдү тартып алууга мүмкүнчүлүк болду», — деди ал.

————————————————————

2022-жылы 1-майда Алтайдан Талас облусуна 35 баш марал алынып келинген. Маралдар Талас районуна караштуу Беш-Таш коругуна кое берилген. Аларды алып келүүгө демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнгөн.

2023-жылы июль айында маралдарды көзөмөлдөө жагын КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзөрү кабарланган. Аталган башкармалыктын кызматкери, аңсакчы Азамат Эсенаалы уулу жаныбарлар 3-4 ай Беш-Таш коругунда алгач тор менен тосулуп, кароодо болгон жана жер шартына бат эле көнүп кетишкенин айткан. Алар Беш-Таш жайлоосунун төрүнө чейин жайылып жүрүшөт. Топ-топ болуп бөлүнүп жүргөн маралдарды жергиликтүү чабандар дайыма көрүп турушат. 2023-жылдын июнь айларында маралдар төлдөп баштаган.

Пример HTML-страницы

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимов аларды Кыргызстандын башка аймагындагы маралдар менен аргындаштыруу пландалып жатканын маалымдаган.

«Мурун маралдар кыргыз жергесинде көп болгон. Анын ичинде Талас облусунда дагы көп эле. Буга мисал, Таласта Үйүр-Марал аталышындагы тоо, айыл бар. Бирок архивдик документтерге таяна турган болсок, Талас өрөөнүндө маралдар акыркы жолу 1949-жылы Күмүштак жайлоосунан Чаткал тарапка ашып бара жатканы жазылып калган. Андан кийин Таласта марал жок болуп кеткен десек болот. Дээрлик 70 жылдан кийин Талас жергебизге кайрадан маралдарды алып келгенбиз. Мына ошол маралдардын башы көбөйүп, төлдөп башташты. Эми аларды Кыргызстандын башка аймагындагы маралдар менен аргындаштыруу пландары бар», — деген ал.

Ал эми 2023-жылдын декабрь айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан Таласка Алтайдан алынып келинген маралдардын сегизи төлдөгөнүн кабарлашкан.

«Беш-Таш» жаратылыш паркына Алтайдан алынып келинген маралдардын 8 төлдөдү. Бизге келгенче маралдар 2 жылдык болуп келишкен. Бул жактан быйыл гана 8 төлдөдү. Жалпы 35 баш марал алынып келинген. Улам саны көбөйүшүнө, аларга байкоо жүргүзүү үчүн толук шарттар түзүлгөн. Арасында бооздорун дагы көп байкап жатабыз. Келе жаткан жылы дагы көп төл болот деп турабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️