Таластагы мал сарайдын жанынан сактардын дооруна таандык делген идиштер табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйтматов районунун Суулуу-Маймак айылынын тургуну Разак уулу Мээрбек 2013-жылы ээн жерден таап алган карапа идиштерди Таластагы « Манас Ордо» комплексинин «Манас эпосу» музейине өткөрүп берди. Бул тууралуу музейдин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев билдирди.

Маалыматка караганда, Разак уулу Мээрбек өзү жашаган айылынан түндүк тарапта 9-10 км алыстыкта Маймак-Ата деп аталган жерде мал кыштоочу сарай бар экенин айтып берген. Өзү мурда ошол сарайда мал баккан. Мал короонун чыгыш жак тарабында болжолу 250 метрден кийин арык бар. Анын батыш жак бетин суу жеп кетип, бийиктиги 5 метрдей келген тик жар пайда болуп калган.

2013-жылдын жаз мезгилдеринде мал жайып жүрүп ушул жардын үстүнөн бир капталы чыгып калган чоподон жасалган 2 идишти көрүп калган. Идиштердин ичи топурактарга толуп калгандыктан этияттап бошотуп, чыгарып алган. Ошондой эле жакын арада бир идишин баласы сындырып алып, аны өзү кайрадан жиктерин келтирип, бири-бирине туташтырып чыккан.

«Андан кийин дароо эле таптакыр сындырып, талкалап же жок кылып албайын деп музейге өткөрүп берүүнү чечтим, эгерде кимдир бирөө-жарымда ушундай байыркы буюмдар болсо алардын баарысын тез аранын ичинде токтоосуз музей мекемесине өткөрүп берүүгө кеңеш берем», — деди ал.

1. Чоподон жасалган карапа идиш. Сырткы түзүлүшү боюнча жумуртка үлгүсүндөгү сөлөкөттүүлөргө кирет. Бийиктиги 12,7 см. Оозунун диаметри 6,3 см. Түпкү таманы тегиз эмес, дөмпөкчө үлгүдө. Жазы кырланган жеринин диаметри 8 см түзөт. Ортоңку айланма чек өлчөмү 45 см. Сынып кураштырылгандыгын жарака жана клей издеринен байкоого болот. Оозунан түпкү таманына карай 5 см жери 3 бурчтук болуп сынып, ажырап түшүп калган. Жалпысынан оозу тараптан таманы көздөй 3 жарака сызык, андан төмөндү карай дагы бир нече жаракка сызыктарды көрүүгө болот. Сыйымдуулугу 1 литр.

Пример HTML-страницы

2. Чоподон карапа идиш. Сырткы түзүлүшү боюнча козу карын үлгүсүндөгү сөлөкөттүлөргө кирет. Бийиктиги 9 см. Оозунун диаметри 7,5 см. Ортоңку белинен түпкү таман бөлүгүнө карай жарым тегерекче үлгүдө дайындалган. Ортоңку кенен жеринин айланма чек өлчөмү 31,5 см түзөт. Оозунун жээк бойлой 7 см жери сынып ажырап түшүп калган. Идиштин эки карама-каршы тарабында тилик, жаракка из кездешет. Сыйымдуулугу 200 грамм.

«Окумуштуу илимпоздор өз эмгектеринде анча чоң эмес, туткалуу, түбү тегерек карапа идиштер же түбү тегерек оозу ачык карапа идиштер биздин заманга чейинки VI-II кылымдарда Жети-Суунун аймагында сак урууларынын биримдиги доор сүргөн учурга таандык болушу толук мүмкүн деп байма-бай кабарлап келишет. Сактар Кыргызстандын, Түштүк Казакстандын аймагын, Өзбекстандын бир бөлүгүн ээлеп турган. Негизинен сак урууларынын мезгилине тиешеси бар делген дөбө көрүстөндөр Ысык-Көлдөн, Нарындан, Чүй жана Талас өрөөндөрүнөн табылып, археологиялык казуу иштеринин натыйжасында жогорудагы карапа идиштерине салыштырмалуу окшоштук жактары бар бир топ табылгалар табылган», — деди Сиятбек Ибралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️