Пример HTML-страницы

Таластагы Коргон-Таш капчыгайынан ташка чегилген байыркы сүрөт табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кең-Кол аймагында жайгашкан Коргон-Таш капчыгайында таштарга чегилген петроглифтер бар. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Анын айтымында, петроглифтер бүгүнкү күндө тарыхчылар изилдөөгө ала турган иш.

«Кең-Кол аймагында Коргон-Таш деген капчыгай бар. Ал жерде адам боюндай көлөмдө аска бетинде тарыхый петроглифтер түшүрүлгөн. Анын кайсы доорго таандык экенин билүү өтө кыйын. Анткени биздин заманга чейинки жана биздин кылымга жакын учурда дагы тартылганы билинип турат. Бул жерди атайын тарыхчылар изилдөөгө алса, жаңы ачылыштар жаралмак. Ал жерде текенин, күн адамдын жана адамдардын сөлөкөтүн көрүүгө болот», — деди ал.

——————————————————

Гамал Соронкулов 20232-жылы Таластын Кең-Кол жайлоосунда байыркы сүрөттөр тартылган таштар бар экенин кабарлаган.

Талас районунун Ак-Жар айылындагы «Манас Ордо» комплексинен өткөндөн кийин эле Кең-Кол жайлоосуна кирип кетсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE