Таластагы ишкер балык уулап жүргөндө табылга тапкан. Ал жерге баргандар күтүүсүз окуяга туш болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз улуттук «Манас ордо» комплексинин илимий кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өрөөнүндө талаа экспедициясына чыгышты. Бул аймакта таш эстелик жайгашкан.

Экспедицияга илимий кызматкерлер — Сиятбек Ибралиев, Уран Молдошев, Талас шаарынын тургундары — Алмаз Ишимов, Аскат Бердикожоев катышты.

Сиятбек Ибралиев Turmush басылмасына билдиргендей, жергиликтүү тургун, ишкер Алмаз Ишимов бош убактысында балык уулап, аңчылык кылат. Ал өз сөзүндө 2009-жылдын жай айларынын биринде адаттагыдай Бакай-Ата районунун Үрмарал тоо кыркаларындагы эки өзөндүн агым суусу бириккен Чийим-Таш деген жеринде кайырмак салып жүрүп, суунун оң өйүзүндөгү жээгинен жерге беттешип, канаатташ жаткан кара таштын бетинде жазуу сымал чиймелүү сүрөттөрдү байкаган.

«Ошондон бери ал жерге быйыл гана май айынын башында барып, ташты көрүп кетейин деп бир топко чейин убарасын тартып таппай, тынымсыз издөөнүн аркасында гана араң дегенде тапкан. Эми чогуу келдик.

Бүгүнкү күндө таш эстеликтин үстүңкү бетин тикенектүү бадал өсүмдүгү каптап, жаап калгандыктан ачакайлуу союл таяктар менен бадалдарды түртүрүп тиреп, бетин ачтык. Чын эле Алмаз айткандай, таш бетине араб графикасына түспөлдөш чийим жазуулар жана сүрөт түшүрүлгөн экен. Жаңыдан эле чийимдерди сүрөткө 3-4 кадр кылып тартып баштаганыбызда жамгыр тамчылап жаап келип, бир заматта нөшөрлөнгөн жаанга айланды. Ага чейин асман чайыттай ачык болуп, күн чыйылдап ысып турган эле. Сөзүм кур болбос үчүн таш бетине жаңыдан түшкөн тамчылардын издери кездешкен сүрөттөрдү жайгаштырдык. Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен суу нугу өз деңгээлинен бир топ көтөрүлүп баарыбызды бушайман ойго салып, ыңгайсыз, кооптуу абалга тушуктурду. Жаан басылгыча төртөөбүз унаанын ичинде корголодук.

Пример HTML-страницы

Айтоор, байыркы ата-бабалардын колунан жаралган таш жөн эмес экендигин жаратылыштын табигый кубулушу да ырастагандай болуп, жолоткусу келбедиби, эмнегедир кабагын түйүп, каарын чачып, айбат бергендей ыкылас көрсөткөнүн ички сезим менен туюп, кабыл алгандай эле болдук. Демек, бул жерде бир чоң сыр катылып жаткандай өңдөнөт.

Жазуулардын үстүндө кадимки эле аска таш беттерине тартылып сакталып келген текелердин биринин турпаты контр сызыктар менен түшүрүлүп берилиптир. Бул текенин сүрөтү менен жазуу бир учурда чегилип түшүрүлгөнү эч кандай деле шек жаратып, талаш туудурбаса керек. Себеби сүрөт менен жазуунун чегүү ыкмасы контр үлгүсүндө бирдей тартипте берилип же тактап айтканда, сызыкча тибинде жаратылган. Байланыш, окшоштук белгилери болуп, жик түшүрүүдөгү кеңдик жана тереңдиги бирдей өлчөмгө дал, төп келүүсү болду. Андыктан сүрөт менен жазуунун графикалык абалдары, бөлүкчөлөрү, градусттук бирдиктери, көлөмү жагынан жана бетиндеги каптап турган датынын кыламыгы да бирдей катмарда түзүлүп, эч кандай деле өзгөчө айырмаланбайт. Бул чийимдердин тереңдиги 1-3 миллиметрге, кеңдиги 4-7 миллиметрге чейин жетет. Ошондой эле бул жерде сынык сызыктардын узун-кыска түрүндө да кезигерин айта кетүүбүз зарыл. Үзүк сызыкчадан толукталып кураштырылып чегилген теке менен жазуу жалпы бир маанини туюндурган керемет композицияны толуктап турган сыяктуу. Эң негизги айта кетүүчү нерсе, ушул кайталангыс эстелик учурунда жөн гана бир чебер устанын гана колунан жаралбастан, анын келечекти көрө билген даанышмандыгы, философиялык терең ой жүгүртүүсү, кеменгер акылмандыгы анын эки гана сапка бүткүл адам баласынын миң деген жылдык өмүр-жашоосун сыйдырганы эмне деген гана нарктуу асыл ой, улуу жаратмандык. Демек, мындай археологиялык жазма эстеликтер бирден-бир тарыхый булак катарында дыкаат текшерилип изилденүүгө жана өз ой мүдөөңдү кошумчалап берүүгө толук мүмкүнчүлүк жаратат.

Ошондой эле таш эстеликти кароо жүргүзүү алдында биринчи кезекте чийме жайгашкан аянтты тактадык. Чиймелер унаа жолунун түндүк багытында эки өзөндөн түшкөн агым суулардын биригип, кошулган жеринен суу агымы менен төмөндү карай батыш тарапка бет алганда болжолу 25-30 метрдей аралыкта, суу жээгинин оң өйүзүндө үстүн тикенек бадалы жаап калган абалда табылып, кординаттык туруктуу орду белгиленди. Алгач чиймелердин формасын, геометриялык тилке сызыктарын карап чыгып, натыйжада көп түрдүү ар кандай формалар бар экендиги такталды.

Бул чийимдер күнгө терең күйүп, алгачкы сапатын жоготуп койгондуктан так аныктап, кылдат байкоо жүргүзүүгө өтө кыйынчылык туудуруп жатты. Бетине суу бүркүп чачып, кургактап тазалап сүрткөндө гана көзгө урунттуу көрүнүп чыгып берген учурларды сүрөткө жана кагаз бетине түшүрүп калып жаттык. Жазуулардын чийүү ыкмалары да өтө чеберчиликти талап кылган атайын көркөм искусство жаатында терең билим алган адис тарабынан иштелип чыгып, улуу акылмандык ой толгоону камтыган керез кат катарында чагылдырылып жаратылган эмгек ташта гана эмес, түбөлүк адам баласынын жашоо-турмушунда өчпөс ураан катарында сакталып калган эстелик сыяктуу божомолдонот.

Себеби убагында Алмаз өзү бул чийимдердин көчүрмөсүн алып келип медреседе сабак берген, Хамза мечитинин имамы болуп дин жаатында көп жыл кызмат өтөгөн, тажрыйбалуу Сулайман деген Ош аймагынан келген агайга окутуп көргөн экен. Ал «ооба, бул арабча графикасы менен жазылган, «Биз келип кеттик, бизден кийинкилер да келип кетишет» деген маани-мазмундуу түшүндүргөн сүйлөм жазылыптыр» деп чечмелеп бериптир.

Биз дагы илимий иликтөө иштеринин өтөөсүнө чыгып, жазуулардын чыныгы жандырмагын аныктап, тактоо максатында жана жогорудагы котормого салыштыруу иретинде Талас шаарынын борбордук мечитинин имамы Cыдыков Касым ажыга үлгү көчүрмөлөрүн жөнөткөнүбүздө «шу бем (жем) калды жылды барад ар кылды марал аз кылды» деген котормодогу божомолдуу варианттын берип жана бул акыркы деп айталбастыгын, жазууну жакындан барып ар тараптан (ракурс) көз жүгүртүп, керек болсо, кол менен сыйпалап, сызык чекиттерин тактап көрүп, анан гана сүйлөмдүн негиздүү так мүмкүн болгон түрдүүлүгүнүн нукура котормосу болду деп айтууга болорун билдирди. Андыктан бул изилдөө иштерибиз акыркысы эмес», — деди ал.

Сиятбек Ибралиевдин маалыматы боюнча, негизинен араб жазуусу дүйнөгө жайылып таралышы боюнча латын жазуусунан кийинки орунда турат. Ал биздин замандын VI кылымынын башында пайда болгон, теги арамей жазуусу менен байланышат. Алфавитте 28 тамга катталып, алар сөз башында, ортосунда жана аягында келиши боюнча айырмаланып, оңдон солду карай жазылып келген.

«Ал эми Орто Азия элине ислам дини менен кошо тараган экен. Ислам дининин ыйык китеби Куранды башка тилге которууга тыюу салынган жана бардык диний жөрөлгөлөр араб тилинде жүргүзүлүп, жергиликтүү тилдер кысымга алынып калып кеткен. Мындай кырдаал түрк элдеринин өз жазууларын унутуп, араб жазуусуна өтүшүнө алып келген. Дегеле, X кылымдан ашык өмүр сүргөн бул жазуу кыргыздын тарыхында болуп көрбөгөндөй мезгилди кучагына камтып келет.

Ошондуктан аска бетиндеги сүрөттөрдүн тартылуу доорун окумуштуулар биздин заманга чейинки эки миңинчи жылдан биздин замандын онунчу кылымына чейинки мезгилге таандык деп жүрүшөт. Сүрөттөр X кылымга чейин, ал эми жазуулар X кылымдан кийин келген болсо, демек, текенин сүрөтү коштолгон жазуу — эки тарыхый байланыштын агымы тогошкон учурга же болжол боюнча X-XIII кылымдарга таандык болушу толук мүмкүн деп айтууга негиз берет», — деди ал.

Анын айтымында, Алмаз Ишимов 8-9 жыл мурун жай айларында Талас шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан ак тегирмендин туш тарабындагы, Талас дарыясынын жээгинен балык уулап жүрүп канжар таап алган.

«Ошондон бери үйүнүн кампасында сактап келген тарыхый мааниси бар буюмун музейге белек катарында өткөрүп берди. Анын ушул музей базасын байытууга кошкон салымы эске алынып, жетекчилик тарабынан ыраазычылык билдирүү менен ардак грамота тапшырылды.

Канжар боз улан жигиттерге арналып жасалган. Жалпы узуну 22,8 см, мизи тарабынын узундугу 11,2 сантиметр, кармагыч сап бөлүгү 9 сантиметрди түзөт. Калыңдыгы 0,2 мм. Бетинин эң эле ичкерген жери 1,7 сантиметр, ал эми жоон жери болсо 2,2 см түзөт. Эндейинин үстүнкү тарабындагы калың жери 2,5 см. Гарда бөлүгү менен туташкан жеринин эндейи 1,7 см. Айкалышып кайчылашкан жери жайык келип, узуну 4,7 см. Төбөсүндөгү баш бөлүгү бир тарапка ийилип жасалган, узундук өлчөмү 3,5 см. Күрөң саргыч тартып дат баскан абалда сакталга», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️