Таластагы элге телефондон башкаларга алданып калбоо эскертилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда социалдык тармактар аркылуу орун алган алдамчылыктарды алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы учурда жарым жыл ичинде облус боюнча жалпы өндүрүштө турган, интернет аркылуу адамдардын акча которуп алданып калгандыгы боюнча козголгон 8 кылмыш иш боюнча материалдык чыгым 1 млн 317 миң 208 сомду түзөт.

Милиция Талас шаарында атайын оорукананын дарыгерлери жана бейтаптар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Эч ким оңой жол менен бирөөгө акча бербей тургандыгын айтышып, жеңил каражат табууга ишенбөөгө чакырышты. Социалдык тармактан тааныбаган адам менен сүйлөшпөөнү, жеке маалыматтарын эч кимге бербөөнү эскертишти. Мындай профилактикалык жумуштар эл көп топтолгон жайларда дагы уюштурулду. Адамдарга алдамчылык фактыларынан сак болууга чакырган баракчалар таратылды.

Ошондой эле базар ичине, соода маркеттерине, автоунааларга, аялдамаларга жана башка бир топ жерлерге эскертүү маалыматтары жабыштырылды. Автобекет, соода маркеттери, радио борбордон алдамчылыктан сак болуу эскертилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️