Пример HTML-страницы

Таластагы бир туугандар сел алып кеткен дөңсөлөрдүн аймагынан «байлык» таап алышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Боо-Терек айылында табылган байыркы буюмдар музейге өткөрүлдү. Бул тууралуу «Манас эпосу» музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев билдирди.

Анын айтымында, байыркы буюмдарды аталган айылдын тургуну Бактыбек Кубатов 2022-жылдын жай айларында Боо-Терек айылынын түндүк тарабында 3-4 чакырым аралыкта жайгашкан Эчкилүү-Тоонун аймагынан таап алган. Тоо этегинде болгон сел ташкынынан болжол менен 300-400 чарчы метрдей дөңчө жуулуп, байыркы буюмдар жер үстүнө чыгып калган. Аны Бактыбек Кубатовдун балдары Байсултан менен Амир байкап калып, үйүнө алып келип, сактап коюшкан.

Бактыбек Кубатов бул иши үчүн Кыргыз улуттук «Манас ордо» комплексинин ардак грамотасы менен сыйлынды.

Совет мезгилине таандык тыйындар:

1 копейка, 1924-жылы чыгарылган;

2 копейка, 1924-жылы чыгарылган;

10 копейка, 1956 жылы чыгарылган.

Россия империясы мезгилине таандык тыйындар:

1 копейка, 1900-жылы чыгарылган;

1 копейка, 1903-жылы чыгарылган;

1 копейка, 1913-жылы чыгарылган;

1 копейка, 1914-жылы чыгарылган;

2 копейка, 1873-жылы чыгарылган;

5 копейка, 1900-жылы чыгарылган.

Николай экинчинин жүзү түшүрүлгөн, акча бирдиги байкалбаган тыйын.

Караханиддер дооруна таандык тыйындар:

Араб графикасы түшүрүлгөн 4 даана кичине жана 3 даанасы чоң көлөмдөгү тыйындар.

Топчулар:

2 даанасы жалпак тегерек жана бирөөсү гиря үлгүсүндөгү топчулар.

Курдун тогоосу:

Эки бөлүктөн турат, бир жагы төрт бурчтуу, экинчи жагы сүйрү келип, ортосу учтуу болуп кетет. Эки бөлүктүн ичинде төрт бурчтуу жана сүйрү, ачык көзөнөкчөлөр жайгашкан. Ортосуна өлөң тили карматылган. Күйүп турган шам чырак чагылдырылгандай байкалат.

Аялга таандык курдун тогоосу:

Үч капталында аралыкты ченге алган геометриялык белгини түшүндүргөн, жаа үлгүсүндө жасалган үч фигура менен чектелип жасалган. Экинчи жагына, илме тарабы төрт бурчтуу болуп жасалган. Ачык кур илме жеринин бир капталынын ортосу жаача болуп ийилип, учтуу болуп чыгарылган. Ошол учунан эки тарапка сызыкча болуп чегилген бутакча оймосу түшүрүлгөн. Бети толугу менен оймолонуп кооздолгон. Ортоңку чыгарылган учтуу багытчадан ачакей болуп эки тарапка сызыкчаланып оюм буралып тартылган. Ал эми анын үстүндө дагы оролуп, «кочкор мүйүз» оймосу түшүрүлгөн сүрөт чегилген. Бети сары түс берип, алтын жалатылгандай көрүнүш берет. Ички бетинде үч кадоо шиш темирлери чыгып турат.

Кайыш курдун сайма учуна жайгашкан кооздук шөкөт буюму:

Жалпысынан тышкы көрүнүшү боюнча тике төрт бурчтуу жана бир капталы жарым тегерекче жоокердин туулга сөлөкөтү түшүрүлгөн. Бети эки катмар бөлүктөн турат. Үстүңкү бетинде араб графикасы сымал жазуу чийимдер тартылган. Узуну 3 сантиметр, туурасы 2,2 сантиметрди түзөт.

Куюшкандын кошунду шөкөт буюму:

Тышкы келбети боюнча чекеси тегерете гүлчө чыгарылып, үстү туулга же көмкөрүлгөн казан түзүлүшүндө дөмпөкчөлөнүп жасалган. Бетинде 6 даана чымын канат оймо түшүрүлгөн. Анын ичине бутактуу бадалды элестеткен оймо-чиймелер берилген. Алдындагы куюшкандын кайыштары бекитилип, туташа турган шакекченин диаметри 4 сантиметрди түзөт. Ал өйдөңкү калпакчага төрт бутча менен карматылган.

Аялдарга таандык үзөнгү:

Үзөнгүнүн сынык бөлүгү, боосу илинип жайгаша турган орундуктун узуну 3,3 сантиметр, туурасы 2,2 сантиметр. Таканактын сол капталынын 4,5 сантитметр жана оң тарабынын 2,8 сантиметр жерлери сакталып калган. Эндейинин эң эле жоон жери 1,2 сантиметрди түзсө, капталынын калыңдыгы 0,4 миллиметрди түзөт.

Тердикке кооздук үчүн берилген шөкөт буюм:

Ичи чөйчөкчөлөнүп, сырткы бетинин дал ортоңку борбор бөлүгүндө диаметри 0,3 миллиметрди түзгөн тегерек шакекче түшүрүлүп, андан сегиз гүл желекчелери ар тарапка тарамдалып сөлөкөт түшүрүлгөн. Өзүнүн жалпы диаметри 2 сантиметр. Мындай кооздук буюмдарды ат жабдыгы болгон тердиктен кездештирүүгө болот.

Атайы эстелик белги — жетон:

Бул буюм — кээ бир булактарда атайы эстелик белги же жетон деген ат менен белгилүү болгон сыйлык значогу. Эмгекчилер менен жумушчулардын биримдигин сактап калуу жана Совет өкмөтү менен кызыл аскерлердин күч кубаттуулугун күчтөө максатында, ошондой эле Лениндин партиясы алдында биригүү демилгесин колдоо жаатында түзүлгөн. Сыйлыкты 1924-1926-жылдары кызыл аскерлеринин катарында кызмат өтөп, үйлөрүнө кайтып жаткан бардык жоокерлерге ыйгарылган.

1919-жылы чыгарылган кызыл аскер жоокерлеринин баш кийимдеринин үлгүсү бул сыйлыктын негизги эмблемасы катарында каралып, тегерете отургузулган. Кээ бирлерине беш баш кийим түшүрүлсө, кээ бирине үчтөн түшүрүлгөн. Дал ортоңку бөлүгүнө Лениндин жүзү жайгаштырылган. Анын эки капталы буудай өсүмдүгүнөн токулган чамбарлар менен курчалган.

Байыркы мык: жалпак бөрктүү, узуну 2,6 см.

Ачкыч: сабы эки шакекчелүү, тулкусу тегерек, түтүкчөлөнүп жасалган.

Коңгуроо:

Россия империясы мезгилине таандык. Түпкү бөлүгүнөн ортоңку бөлүгүндөгү сызык катмар жайгашкан тарабы сакталып калган. Ал төрт сынык бөлүктөн турат. Биринин өйдөңкү тарабында туурасынан кеткен майда клетка сызыктары жайгашкан бөлүкчөсү бар. Болжолу диаметри 7 сантиметрди түзөт. Ички бетинде «съ серебромь» деген жазуусу даана байкалат.

Мына ушул сыяктуу коңгуроолор Россия империясынын Новгород, Рязан, Нижегород, Вятск губернияларында XVIII кылымдын орто ченинен баштап чыгарылып, колдонула баштаган. Аларды арабага чегилген ат камыттарынын үстүнө жайгашкан дугаларга орнотуп колдонушкан. Кийинчерээк кат ташыган адамдар дагы жанына дайыма өзүлөрү менен кошо ала жүрүшкөн. Коңгуроонун алдыңкы бөлүгүн «юбочка» деп аташып, көбүнесе жазуулар жана оймо-чийимдер менен, ал эми үстүңкү бөлүгүн тулку бою деп аташып, ар кандай кооздук, сызыкча сүрөттөр менен көркөмдөп беришкен. Коңгуроолорду атайы ылайыкталган коло каражаттарынан жасашкан. Курамынын 78-80 пайызы жез жана 20-22 пайзы күмүш түстүү жумшак калай металдарынын аралашмасынан турганы айтылат.

Аялдарга таандык шакек:

Төрт даана оймоктордун шакекчелери жана башы:

Чоподон жасалган карапа идиш:

Бийиктиги 21 см. Жумуртка үлгүсүндө жасалган, боор тушунда туурасынан төрт катар зигзаг үлгүсүндө сызыктар түшүрүлгөн. Бул сызыктар идиштин 14 сантиметр бийиктигинде жайгашкан. Идиштин белинин тегерете айланма чектин өлчөмү 60 сантиметр. Оозунун диаметри 10 сантиметр, андан моюнуна чейинки жарты бөлүгү сынып түшүп калган. Түпкү таманынын диаметри 8,5 сантиметрди түзөт. Ички сыйымдуулугу 2,5 литр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE