Таластагы аялдарга ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

TurmushКечээ, 23-март күнү Талас шаарындагы аялдарга ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас ШИИБдин инспектору, милициянын подполковниги Бактыгүл Турусбекова ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча президенттин жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечимин окуп берди.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маркумду жерге коюу, эскерүү, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөөдө жардам берүүнү суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️