Таластагы айылдын четинен кармалган 5 баланын атасы: Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук соту баңгизат менен кармалган адамга карата 12-сентябрда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Эркебек (аты өзгөртүлдү Ч.Э.Т.) 1985-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасоо) менен айып тагылып, 5-августтан бери камакта.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Эркебек 2024-жылдын 11-майында саат 20:30 чамасында Бакай-Ата районунун Үрмарал айылындагы талаада өскөн кара куурайды чогултуу максатында барган. Баңгизаттарды баштыкка чогултуп, унаасына салып кетип бара жаткан жеринен милиция кызматкери тарабынан кармалган.

Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 5-августундагы өкүмү менен Эркебек Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасоо) менен айыптуу деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Салмагы 129 граммды (кургатылган) түзгөн марихуана наркотикалык заты, кесилген желим бөтөлкөлөр өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жок кылынган.

Райондук соттун өкүмү менен макул болбой Эркебек жана анын жактоочусу апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда анын карамагында жашы жете элек 5 баласы бар экени, кичүү баласынын төрөлгөнүнө 1 ай болгону, турмуш-шартына байланыштуу үй-бүлөсүндө жалгыз өзү иштери, аз камсыз болгон үй-бүлөө катары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигинде учетто турушары айтылган. Буга катар эле апасы дагы анын карамагында экени, мамлекеттен алган жөлөк пулдун акчасы балдардын керегине жетпей турганы айтылган. Алар Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 5-августундагы өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуга карата пробация көзөмөлүн колдонуп берүүнү суранышкан.

Эркебек өзү сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаасы менен Үрмарал айылынан келе жатып, бир аз кара куурай терип, автоунаасынын бардочогуна салып алганын айтты. Айылдын чыга беришинен милиция кызматкерлери тосуп, унаасына тинтүү жүргүзгөн учурда кара куурайды алып чыгып берген.

Пример HTML-страницы

Ал кылган ишине чын дилинен өкүнүп жатканын, атасы каза болуп калганын, карамагында 5 баласы жана карыган апасы бардыгын, эң кичүү баласы 1 айлык болгонун, жалгыз багуучу экенин, экинчи мындай иштерге барбай турганын билдирип, пробациялык көзөмөл колдонуп, жеңилдик берүүнү суранды.

Прокурор болсо апелляциялык даттанууну колдобой, Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 5-августундагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Облустук соттун өкүмү:

Талас облустук соту 12-сентябрда иштин материалдарын карап чыгып, Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 5-августундагы Эркебек жөнүндөгү өкүмүн өзгөрттү. Ал 2 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Апелляциялык даттануу канааттандырылып, ал сот залынан камактан бошотулду.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️