Таластагы айылда салына турган жаңы мектептин эскиздик долбоору даяр болду

Таластагы айылда салына турган жаңы мектептин эскиздик долбоору даяр болду Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Хан Бүргө (мурдагы Чоң-Токой) айылында курула турган жаңы мектептин эскиздик долбоору даяр болду. Бул тууралуу айыл аймак башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл салына турган 225 орундуу мектептин курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Имарат айылдагы эски мектептин жанына курулат.

Буга чейин аталган айылдагы Хан Бүргө атындагы орто мектеби 1992-жылдан бери пайдаланылып келе жатканы, жыгачтан салынган имарат азыр авариялык абалда экени белгилүү болгон. 120 орундуу мектепте 200гө жакын окуучу билим алып жатат. Мектеп тар болуп, 5 гана класстык бөлмө бар. Азем залы, спорт зал жана башка шарттары жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️