Таластагы айыл өкмөт башчыга жубай болгон калмак кыздын кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 21 жаштагы тургуну Фатима Атабаева ата-энесинин каршылыгына карабай жолдошуна турмушка чыккан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Уланбек Буланбековдун экөөнүн ортосунда 19 жаш айырма бар.

«Менин улутум калмак. Атам дагы, апам дагы калмак. Чоң апам кыргыз, таенем казак. Өзүм Ак-Суу районунун Бөрү-Баш деген айылында төрөлүп, чоңойгом. Улутум калмак болгондуктан жолдошум мени «сен менин байыркы душманымсың» деп тамалашай берет (күлүп). Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы жаш айырмачылык 19 жаш. Азыр интернеттин заманы болуп калбадыбы. Биз дагы 2018-жылы интернеттен таанышып калганбыз. Ал убакта жолдошум Москвада болчу. Анан WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жүрүп эле бири-бирибизди жактырып калдык. Жакшы көрүп калдым деп мен биринчи сезимимди билдиргем. Бирок жолдошум «жок, сен азыр кичинекейсиң» деп ичиндеги сезимдерин мага такыр айтпачу. Анан сентябрь айында Ысык-Көлгө Көчмөндөр оюндарына келгенде биринчи жолу жолукканбыз. Жолуккандан кийин мен дагы жагып калдым окшойт, ошондон баштап ал дагы «жакшы көрүп калдым» деп айта баштады. Ошентип бир-эки жолуккандан кийин эле үйлөнүү сунушун айтты. Макул болуп, 2019-жылы июль айында Таласка келин болуп келдим.

Негизи жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү ата-энем билчү эмес. Эч кимге айткан эмесмин. Турмушка чыгам деп ата-энеме жолдошум тууралуу айтып бергенимде каршы болушту. Бирок сүйүү күчтүү болуп, баарын жеңип кетти. Ал мага ыр жазып отуруп эле сүйдүрүп алган. Бирок сүрөтүн бир көргөндө эле мага жагып калган. Ошол үчүн болсо керек эч каршылыксыз сунушуна макул болдум. Келин болуп келгенде жоолукту улуу эжебиз салган. Тилекке каршы кайын энем мени көрбөй калды. Азыр жолдошум экөөбүз эле жашайбыз. Ортобузда 2 уулубуз бар. Мен балдар менен үйдө элемин. Жолдошум айыл өкмөт башчы болуп иштеп келет», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келген учурундагы кызыктары менен бөлүштү.

«Той бүтүп, баары кетишкенден кийин өзүбүз эле калдык. Жолдошум жумушка кетип калды. Мен үйдө жалгыз кечке таластыктар күлчөтайдан башка эмне тамак жешет болду экен деп ойлонуп жүрдүм. Булар жебеген тамак жасап койсом эмне болот, жебей койсо эмне кылам деп 1 күн кечке тынчым кетип жүрдүм. Мен келген күндөн баштап күндө эт асып күлчөтай жешет эле. Анан жолдошума чалып, «силер негизи күлчөтайдан башка эмне тамак жейсиңер?» деп сурагам. Ал болсо «каалаганыңды жасай бер» койгон. Ошондо биринчи жолу жасаган тамагым лагман болгон (күлүп).

Пример HTML-страницы

Бир күнү «пельмен жасачы» деп калды. Башында камыр жайганды билбейт элем. Пельмен жасап камырын жайып бүткүчө кургап калып кийин камырым жабышпай койгон. Ошондон кийин ал тамакты жасабас болгом. Ошол эле убакта бул жактын сөздөрүнө түшүнбөйт болчумун. Түшүнбөй калсам, чуркап барып жолдошумдан сурап турчумун. Ошентип отуруп азыр баарын эле билип, үйрөнүп калдым. Мисалы, жөнөкөй эле сөздөрдү же болбосо колдонгон буюмдун аталыштарынан кыйналдым десем болот. Мени урушпай, акырын айтып, түшүнбөгөн нерсемди жай отуруп түшүндүрүп, баарын үйрөткөн өмүрлөшүмө ыраазымын. Ошол үчүн да жолдошумдун улуу болгону жакшы деп ойлой берем. Азыр ал менин жолдошум, сырдашкан адамым, ишенген адамым», — деди Фатима айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️