Таласта өзүнүн унаасында бычакталган жигит: «Зонадан» берилген арыз

TurmushТалас облустук соту 2022-жылдын 19-январында отурум өткөрүп, 2018-жылдын 15-январда кылмыш жасаган адамдын ишин кайрадан карап чыгып, өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Кашкарбек (аты өзгөртүлдү К.Н.Б. Кара-Буура районундагы айылдардын биринде туулган. Аялы менен ажырашкан, мурда соттолгон эмес. Убактылуу эч жерде иштебейт.

Кылмыштын чоо-жайы:

Кашкарбек 2018-жылдын 15-январь күнү саат 08:00 чамасында Бакастын (аты өзгөртүлдү Б. уулу Б.) «Сеат Кордоба» үлгүсүндөгү унаасынын арткы орундугуна отуруп, Ак-Башат айылынан Кызыл-Адыр айылына бара жатышып, Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун 42-чакырымына жеткенде аны өлтүрмөк болгон. Ал үчүн бычак менен Бакасты бет тарабына бир нече жолу сайып жиберген. Бычак сынып кеткендиктен унаанын ремени менен муунткан. Ошол учурда Бакас бошонуп, качып кеткен. Соттук-медициналык экспертизада жабырлануучу жеңил жаракат алганы такталган.

Мындан тышкары 2018-жылдын 17-январында Кашкарбектин айылдагы үйүнөн мыйзамсыз сакталып жүргөн «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү мылтык табылган.

Пример HTML-страницы

Кашкарбек Кара-Буура райондук сотунун 2018-жылдын 29-мартындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 28-беренеси (кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган, тикелей ниетте жасалган аракет же аракетсиздик, эгерде мында кылмыш адамдарга көз каранды эмес жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш далалаты деп табылат) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, 40 миң сом айып салынган. Кашкарбек облустук сотко аппеляциялык даттануу келтирип, иш 2018-жылдын 17-майында каралган. Бирок облустук сот аны камакта калтырган.

Кийин КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин жетекчиси Р.Э.нин сунушунун жана соттолгон Нурматтын арызынын негизинде жаңы жагдайлар боюнча каралган. Себеби ЖАМКнын №10 мекемесинин жетекчиси Р.Э. сунуш жана соттолгон Кашкарбек арызы менен кайрылып, 2021-жылдын 28-октябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш ишти кайра карап берүүнү суранышкан.

Сотто прокурор У.Сманалиев Кашкарбектин арызын канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Кашкарбектин арызын канааттандыруусуз калтырды. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттана алат.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️