Таласта «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаласта Афганистанда чыгарылган «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынып жатат. Бул тууралуу Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул товар атайын буйруктун негизинде сатыктан алынып, тиешелүү актылар түзүлүүдө.

«Бул калктын, өзгөчө жаш балдардын саламаттыгы үчүн болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугу сатуудан алынып жатканын жазган. Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген «азорубин Е 122» боёгун камтыйт деп табылган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында аталган суусундукту сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Чүй облусундагы дүкөндөрдө «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынып баштады.

Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында жана Лейлек районунун Кулунду айылындагы дүкөндөрдө «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️