Пример HTML-страницы

Таласта жоокерлери кырылган аскер башчысы ташка айланганы айтылат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБакай-Ата районунун Күмүштак тоолорунун аймагында Боз-Тектир мазары жайгашкан. Ал тууралуу эл оозунда ар кандай уламыштар айтылып келет.

Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын тургуну Искен Жолчубековдун айтымында,

«Бул мазар тууралуу бизде көп уламыштар айтылат. Бирок баары эле окшош. Чоң атам айтып берген уламышка токтоло кетейин. Бир нече кылымдар мурун бул жерлерде согуштар болгон деп айтылат. Анда ислам динин тутунгандар менен башка диндин өкүлдөрү согушуп, бул жерде көп адам кырылган экен. Ислам динин тутунгандардын кол башчысы Бозтектир деген киши болуптур. Ал өлгөн жоокерлерин жерге көрбөстөн, таш менен эле сөөктү корумдап, кете беришкен экен. Анткени жер казып, көмүүгө убакыт болбоптур. Анан акыры өзү калганда, душмандардан чоң таштын түбүнө бекинип калат экен. Ал таш анын денесин душмандарга жем кылбайын деп, кандайдыр бир сыйкыр менен атаны өзүнө сиңирип алган дейт.

Ал кишини ар дайым бүркүт колдоп жүрчү экен. Ошол учурда дагы душмандардан бүркүт коруп, акыры калган таш болуп деп айтылат. Бир караганда мазардагы бийиктиги 3 метрге жеткен таш бүркүттүн сөлөкөтүн элестетип кетет. Ал жак чынында эле абдан таштуу келет. Биздин Наматбек айылынан болжолу 16-17 км аралыкта жайгашкан. Ал жакка мал-жайыбызга өтүп бара жатсак токтоп, Куран окуп кетебиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE