Таласта жол сакчылары тарабынан токтотулган айдоочуга 20 миң сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-сентябрда Талас шаарында эшиктеринин каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 194-беренесинин 3-бөлүгүнө (транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу) ылайык 20 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️