Таласта жеңил унаалардын өтүшүнө киргизилген чектөө алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-октябрда Талас районунун Талды-Булак айылында жеңил унаалардын өтүшүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, саат 14:30 чамасынан баштап жеңил унааларды өткөрүүгө уруксат берилди. Бирок оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынган жок.

Буга чейин Талас районунун Талды-Булак айылынын чыгыш тарабына пост коюлуп, бардык унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Маалыматка караганда, мындай чечим Төө-Ашууга кар жаап, тыгындар пайда болгонуна байланыштуу кабыл алынган.

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек—Ош унаа жолундагы «Сосновка», «Чычкан» көзөмөл-өткөрмө жайларында автоунаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди. Себеби унаа жолдун тоолуу аймактардагы тилкесинде 15-октябрда калың кар жааган. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Өтмөк ашуусуна жааган кар:

Кечээ, 15-октябрь күнү Таластын Өтмөк ашуусуна калың кар жааганы кабарланган. Кар калың түшкөндүктөн жеңил унаалар жүрө албай калып жатканы айтылган.

Ал эми Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын жаашына байланыштуу Бишкек—Талас каттамындагы айдоочуларга дөңгөлөктөр үчүн чынжырларды алып жүрүүнү, тыгын болгон учурда каршы тилкеге чыкпоону, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоону, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин, унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты сактоо зарылдыгын эскертти.

Төө-Ашуудагы абал:

Төө-Ашууда, Бишкек—Ош унаа жолунда жааган кардан улам жолдор тайгак болуп жатканы белгилүү болгон. Жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар тайгаланып, токтоп калып жатканы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️