Пример HTML-страницы

Таласта жааган катуу мөндүрдөн улам талаадагы каргалар кырылды. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ 24-июнь күнү Бакай-Ата районунда катуу жааган мөндүрдөн улам талаадагы каргалар кырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан бул маалыматты тастыктады.

«Бул табигый кубулуш. Мөндүрлөр талаадагы каргаларды өлтүрүп кеткен. Күтүүсүз мөндүр жаап, каргалар жашынып же учуп кете албай калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ 24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Биринчи-Май айылында мөндүр жааган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен.

«Мөндүр саат 15:30 чамасында жаап өткөн. Ал талаадагы төө буурчактардын жалбырактарын, бышып келе жаткан алчалардын мөмөсүн күбүп кетти», — деген алар.

  • ӨКМ 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE