Пример HTML-страницы

Таласта унаада бара жаткан аял түшүрүп алган сумканы милиционер артынан жеткирип берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-майда Талас шаарындагы милиционер жеңил унаада бара жаткан аялдын жолго түшүп калган сумкасын кайтарып берди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардын А.Огомбаев көчөсүндө бара жаткан жеңил унаадан аял кишинин сумкасы түшүп калган. Аны Талас ОИИБдин жаңы имаратынан чыгып келе жаткан милиционер Фархад Исмаилов көрүп калган. Ал кызматтык унаа менен аял бара жаткан унаанын артынан кууп жетип, сумкасын кайтарып берген. Аял жолдо бара жатып автоунаанын эшигин ачып кайра жапканда сумкасы түшүп калганын, бирок аны байкабай калганын айткан.

Ал өз учурунда милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE