Таласта Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын ноябрь айынын аягында Талас шаарындагы №5 орто мектептин базасында «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылган. Учурда шаар аймагындагы гана эмес, жакынкы айыл-кыштактардан келген окуучулар ийримдерге катышып, окуп жатышат.

Филиалды мектепке жайгаштыруу үчүн Талас шаарынын мэриясынан, тактап айтканда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 498 миң 751 сом бөлүнүп, тендерди уткан курулуш фирмасы аркылуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Окуу бөлмөлөрүнүн коопсуздугу үчүн терезелер темир тор менен калкаланып, полго линолиум төшөлүп, эшик-каалгалар жаңыртылды.

«Жаңы башталган жумушка керектүү нерсе өтө көп болот экен. Эми имараттын ичине суу киргизүү, эшиктин алдына таман таш төшөө жана башка зарыл иштерге жумшалуучу чыгымдар тууралуу кат жүзүндө мэрияга, жергиликтүү депутаттарга кайрылып жатабыз», — деди аталган филиалдын директору Чолпон Кермалиева.

Окуучулар роботторду курап, 3D заманбап жабдуулардын жардамы менен уюлдук телефон коюучу тирөөч буюмдарды жана башка күнүмдүк тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды жасап жатышат.

    Пример HTML-страницы
  • 2021-жылы 1-сентябрда президенттин жарлыгы менен «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясына улуттук макамы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️