Таласта турмушка чыккан кыздардын себине кеткен чыгым

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта кыздын себине 5 сыйра төшөк кошуп берүү адатка айланган. Алардын баасы тууралу аймактык кабарчы Талас шаарында тикмечилик менен алектенген Бурул Мамыровадан маалымат алды.

«Кызга сеп берүүдө төшөк маанилүү бөлүк. Азыр сеп жок дегенде дагы апалары келип 3 сыйра төшөк тиктирип кетишет. Мен бул тармакта эмгектенип жатканыма көп жыл болду. Биз жаңы баштаган учурда килемче төшөк деген түшүнүк болуп, эң популярдуу төшөк болчу. Азыр болсо, заман талабына жараша ар кандай көп түрү чыкты. Азыр мисалы этнотөшөктөрдү көп алышат. Курактардын дагы түрлөрү чыккан, аларга кызыккандар көп. Бир жер төшөк 3 метрден болуп, ичине 4 кг пахта салынат. Килемче төшөктөр 2500-3000 миң сом.

Ал эми ушундай эле этнотөшөктөр 4500-5000 сом. Олпоктору 650 сомдон. 5 жер төшөк, 6 олпок кошулат. Кудагый төшөк деп дагы 1 даана төшөк кошулат. Септи жыйган жеңеге дагы 1 жер төшөк берилет. Ошондо 7 жер төшөк жасашат. Асты менен үстүнө жабынган жууркан, төшөктүн саны дагы бештен болуш керек. Анын 1 кишилиги 5 миң сом, этнотөшөгү 6 миң сом. 2 кишилик төшөктөр 1000 сомго кымбат. Алардын ичине деле 4 кг пахта салынат. Ушул төшөктөрдүн баасы эле орточо 50 миң сом болот. Мындан дагы кымбат төшөк жасагандар бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️