Пример HTML-страницы

Таласта туристтик мезгилде эл ташыган унаалар текшерилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаласта туристтик мезгилде эл ташыган унаалар текшерилди. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарды алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан «Коомдук транспорт» рейддин алкагында жол сакчылары автобекеттерге барышты. Анда жүргүнчү ташуучу мекемелердин жетекчилери жана айдоочулар менен жолугушуп, аларга ылдамдыкты ашырып айдабоо, аралыкты сактоо, жолдо уктап кетпөө үчүн чарчаңкы абалда жолго чыкпоо, жайкы туристтик мезгил учурунда себепсиз жол кирелердин баасын көтөрбөө, жүргүнчүлөргө сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыл башынан бери Талас облусунун аймагында эл ташыган автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы каттала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE