Пример HTML-страницы

Таласта той учурунда автоээнбаштык кылган айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаласта дрифт уюштурган айдоочуга айып пул салынды, деп билдирди Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы.

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунда дрифт жасап жатканда тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Окуя эки жаштын үйлөнүү тоюнда болгон.

ЖКККБнын кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүмү (автоээнбаштык) менен протокол түзүлүп, 15000 сом айып пул салынган. Унаасы айып короого токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE