Таласта талкаланган унааларды «көрүстөнү» (сүрөт)

Таласта талкаланган унааларды «көрүстөнү» (сүрөт) Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда 2024-жылы бир нече унаа кырсыктар катталган. Алардын кесепетинен унаалар талкаланып, адамдар көз жумган учурлар бар. Талкаланган унаалар Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн базасында турат.

Ал унаалардын арасында эң катуу талкаланган абалдыгысы «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаа.

«Бул «Хонда СРВнын» ичинде жаш өспүрүм каза болгон. Түндө ата-энесине айтпай, жашырып, айдап чыгып, достору менен айдап жүргөн. Тун ичинде рулга ээ боло албай, дарбазаны сүзгөн. Натыйжада өзү окуя болгон жерде каза болгон. Ошондуктан ар бир мектептерде лекцияларыбызда жол эрежеси тууралуу, коопсуздук чаралары тууралуу айтып келебиз. Негизи ар бир айдоочу жоопкерчиликтүү болгондо, жол кырсыктары дагы азаят», — деди жол сакчылары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️