Таласта таң заарда чер жазышкан эки кишинин бири 12 жылга кесилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас облустук сотунун соттук коллегиясы адам өлтүрүүгө аракет кылган жаранга карата 2024-жылдын 5-июнунда өкүм кабыл алды.

Айыпталуучу Боталы (аты өзгөртүлдү А.Б.Ж.) 1976-жылы Токтогул районунун Кара-Күнгөй айылында туулган. Мурда соттолгон. Жалгыз бой, 1 кызы бар.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Боталы 2024-жылдын 2-январына караган түнү болжол менен саат 04:00-05:00 чамасында Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын түндүк батыш тарабында жайгашкан Узун-Булак аймагында Марска (аты өзгөртүлдү Д.М.А.) таандык сарайда малчы болуп эмгектенген Уран (аты өзгөртүлдү С.У.А.) менен спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткен. Андан кийин Боталы жабырлануучу Уранды бычак менен ич тарабына 3 жолу жана бел тарабына 2 жолу сайып жиберген. Уран жерге жатып калганда, үйдүн кире бериш бөлмөсүндө турган таяк менен баш тарабына урган. Уран Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 2-апрелиндеги өкүмү менен Боталы Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен башка кишинин өмүрүн кыюуга аракеттенүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазаны өтөөсү дайындалган.

Соттун бул өкүмү менен макул болбой, айыпталуучу Боталы жактоочусу А.С. апелляциялык даттануу келтирген. Анда Боталынын жабырлануучуну өлтүрөм деген ой-максаты болбогону, жабырлануучунун денесине келтирилген жаракат ден соолугуна анчалык коркунуч келтирбегени, Боталынын кыймыл-аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин курамы болгондуктан, башка жаза берилүүгө жатары, мындан тышкары айыпталуучуга карата 2024-жылдын 9-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу» Кыргыз Республикасынын мунапыс жөнүндө мыйзамы колдонулбаганы көрсөтүлүп, айыпталуучуга карата Кылмыш-жаза кодексинин130-беренесине ылайык өкүм чыгарып берүүнү суранышкан. Апелляциялык даттанууга карата каршы пикир келтирилген эмес.

Пример HTML-страницы

Жыйынтыгында Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын 2-апрелиндеги Боталы жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды.

Өкүм жарыяланган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет. Нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу, сунуш келтирүүгө укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️