Таласта түшүм жакшы болгон үчүн быйыл малдын жеми арзан болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта түшүм жакшы болгон үчүн быйыл жем арзан болуп жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын жем базарынын сатуучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, буудай жемдин 1 кг 18 сомдон болуп жатат. Былтыр 20 сом болчу. Жүгөрү жем 1 кг 20 сом, былтыр 23 сом болчу. Арпа 1 кг 15 сом, былтыр 17 сом болчу.

Быйыл түшүм көп болгон үчүн арзаныраак болуп жатат. «Жмык» (сафлордун тартылганы) деген бар, анын 1 кг 15 сом. Атайын эт багытындагы тооктор үчүн жемдин 1 кг 50 сом», — деди сатуучулардын бири Мирлан Жумалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️