Таласта түндө көчөдө жүргөн балдардын ата-энелерине 13 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush13-14-июнь күндөрү Талас районунда «Өспүрүм-түн» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас РИИБдин кызматкерлери саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда, дүкөндөрдө, компьютердик клубдарда, эс алуучу жайларда көзөмөлсүз жүргөн балдарды аныкташтты. Аларга укук бузууларды жана кокустуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде өспүрүмдөрдүн ата-энелерине 15 протокол түзүлүп, жалпы 13 миң сом айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️