Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Таласта түн ортосунда топтолгон жаш жигиттер мушташты (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Талас шаарындагы соода борбордо жаш жигиттердин арасында уруш чыгып, сыртта массалык мушташка айланды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тойдон тараган балдар арасында чыр чыккан. Алар бири-бирин сөгүп, мушташып, таш менен да согушкан. Мушташкандар 1998-жылкы жигиттер экени айтылууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиционерлер ал жерден 7 жигитти кармап келишкен.

Алдын ала текшерүү учурунда алардын ​мас экендиги аныкталган. Бирок окуяга катышкандардын бардыгы ​ жана соода борборунун администрациясы даттануудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE