Таласта скутер, мопед айдагандар көбөйүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта 2 же 3 дөңгөлөктүү (скутер, мопед, «муравей») унаалардын катышуусунда 2 жол кырсык катталды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы убактарда, облус аймагында мындай унааларды башкарган адамдар көбөйүп, жол кыймылынын эрежесин одоно бузушуп, ар кандай жол кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жаткандыгы байкалууда. Буга чейин жыл башынан бери, Талас облусунун аймагында ушул транспортунун катышуусунда 2 жол кырсыгы катталган. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган учур катталган эмес.

Ошол себептен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мындай унаа айдаган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️