Таласта шаар жетекчилигине эскертүү берилди

TurmushТалас шаардык мэриясына малдын сөөктөрүн тазалоо боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасына эколог Гамал Сооронкулов Талас шаарынын күн батыш бөлүгүндөгү эт комбинаты тарапта 300 метрдей жерди малдын сөөктөрү каптап жатканын билдирген.

Министрликтин маалыматы боюнча, «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндөгү» мыйзамынына ылайык, өздөрүнүн аймактарында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын иштерине кѳзѳмѳл кылуу жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктарына кирет. Мыйзамдын 8-берененин 1-бөлүгүндө айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга тыюу салынат деп көрсөтүлгөн.

«Ошого ылайык Талас шаардык мэриясына Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 115-беренсине (белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө) ылайык мыйзам бузган тараптарга чара көрүп, ордун тазалатып иретке келтирүү боюнча эскертүү берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️